Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 13-апрели № 27

 

Айылдык Кеңештин кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги, Чырпыкты жана Кош-Көл айылдарынын жалпы элдик жыйынын чечими менен Балыкчы токой чарбасына тиешелүү жер аянтын алмашуу боюнча Тамчы айыл Өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, Тамчы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чырпыкты жана Кош-Көл айылынын көл жээгиндеги Балыкчы токой чарбасына тиешелүү жер аянттарын Чырпыкты айылынын түндүк тарабындагы жайыт жерине алмашууга макулдук берилсин.

 

2. Тиешелүү башкармалыктардан корутунду жана башка иш кагаздарын алуу, жер аянттарын аныктоо Тамчы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кенештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Э.А.Мамбетов