ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-апрели № 28
Айлык акысын көтөрүп берүү жөнүндө
Айыл аймагынын мал чарбасы боюнча адис жана электрик кызматкеринин кайрылуусун депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын мал чарбасы боюнча адис Болотбек уулу Арзыматтын айлык акысы 18700 сом, электрик кызматындагы Абдыротов Сейитбек Сагалиевичтин айлык акысы 12500 сом болуп бекитилсин, 2023-жылдын январь айынан тартып эсептеп берүү жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык Кеңештин бюджет, финансы, экономика,салык, инвестиция тартуу, муниципалдык транспорт, өнөр жай, ЖӨАБ, башка органдар менен иш алып баруу жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
3. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |