ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 22-июну № 31
Тамчы айыл аймагындагы айыл ичиндеги авто жолдорду Кыргыз Республикасынын Траспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Тамчы айыл аймагындагы _Тамчы айылынын_Жунушалиев (2300м), Чынгышбаев (460м), Бабаш (440м), Акеев (430м) көчөлөрүн, Кош-Көл айылынын Осмон (1100м), Набережная (2150м), Курорттук жол (870м) көчөлөрүн, Чырпыкты айылынын Акеш (1000м), Чолпонкул (770м), Октябрь (1230м) жана Долбоордогу (1000м) көчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Бейшембиев Фархад Кожокматовичтин билдирүүсүн угуп жана талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айыл аймагындагы узундугу_11750 метр Тамчы айылынын_Жунушалиев (2300м), Чынгышбаев (460м), Бабаш (440м), Акеев (430м) көчөлөрүн, Кош-Көл айылынын Осмон (1100м), Набережная (2150м), Курорттук жол (870м) көчөлөрүн, Чырпыкты айылынын Акеш (1000м), Чолпонкул (770м), Октябрь (1230м) жана Долбоордогу (1000м) көчөлөрүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Аталган көчөнү өткөрүп берүү боюнча иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык Кеңештин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |