ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 3-ноябры № 2
Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 2023жылдын 3-ноябрындагы 8-сессиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин муниципалдык административдик-аймактык реформасы боюнча Өзгөрүш айылдык аймагын бириктирүү маселесин карап, талкуулап чыгып, Өзгөрүш айылдык кеңеши
Чечим кылат :
1. Өзгорүш айылдык аймагын административдик-аймактык территориялдык реформасынын долбоору боюнча бириктирүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөрүш айыл өкмөтү, Ак-Дөбө айыл өкмөтү жана Кең-Арал айыл өкмөттөрү бириктирилген аймактардын аталышы “Биримдик” айыл өкмөтү деп кабыл алынсын.
3. Бириктирилип жаткан айылдык аймактардын борбору Өзгөрүш айылдык аймагы деп кабыл алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы З. Надырбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |