Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 3-ноябры № 4

Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-ноябрындагы болуп өткөн VIII-чакырылышынын 8-сеессиясында Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы З. Надырбаевдин түрткү берүүчү ( үлүштүк ) гранттын эсебинен, маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу боюнча маселени угуп, талкуулап чыгып, Өзгөрүш айылдык кеңеши

Токтом кылат :

 

1.  Өзгөрүш айылдык аймагындагы маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу максатуу жана керектүү деп табылсын.

 

2.  Маданият үйүн имараттынын чатырын куруу долбоорунун жалпы суммасы 3 553 284 ( үч миллион беш жүз элүү үч миң эки жүз сексен төрт ) миң сомду түзгөндүгү белгиленсин.

 

3.  Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салым 553 284 (беш жүз элүү үч миң эки жүз сексен төрт ) миң сом. Накталай акча түрүндө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине киргизилип, которулуп берилсин.

 

4.  Токтомдун аткарылышы камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы З. Надырбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Бечелов