ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 1-декабры № 1
Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 01-декабрындагы болуп өткөн VIII-чакырылышынын 9-сессиясында каралбаган чакан ишкердик субьекттер үчүн бирдиктүү салык, (компенсация ) үчүн келип түшкөн акча каражаттын бөлүү жөнүндө, Өзгөрүш айылдык кеңеши
Токтом кылат :
1. Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине каралбаган чакан ишкердик субьекттер үчүн бирдиктүү салык, (компенсация) үчүн келип түшкөн 473 400 (төрт жүз жетимиш үч миң төрт жүз) сом акча каражатты, кошумча смета түзүү менен төмөнкү разделдерге статьяларга бөлүнсүн.
1.1 Турак- жай бөлүмүнө: 2215 статьясына;
2. Маданият үйүн сатып алуу үчүн 473 400 (төрт жүз жетимиш үч миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы З. Надырбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |