БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXсессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 67
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде жалпысынан штаттык бирдикте бекитилген 25 кызмат ордунда бүгүнкү күндө 21 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен сапаттуу курамы 14 кызматкерди түзөт.
Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаменти ишмердүүлүгүн шаардын аймагындагы айыл чарба жерлерин башкарууда КР жер кодексинин, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июлундагы №306 токтомунун “Асылдуулугу төмөн айыл-чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл-чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосунун, 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө”токтомунун, КР МК 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун ал эми шаардын ичиндеги муниципалдык жерлерди КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомунуннегизинде бекилген типтүү жобонун негизинде иш алып барат.
Баткен шаарынын жалпы аянты 42 765,2 га түзөт. Түндүк тарабы Кара -Бак, түштүк тарабы Кара-Булак, чыгыш тарабы Дара ал эми батыш тарабы Ак-Сай айыл өкмөттөрү менен чектешет.
Анын ичинен:
Шаар аймагындагы жерлер – 14923 га
Рават жайлоосу – 14673 га
Дөгмөн жайлоосу – 12726,9 га
Кык жайлоосу – 410,7 га
Ат -Жолу насостук стансиясынын алдындагы жер – 31,6 га
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин балансында турган муниципалдык мүлктөр:
Имараттар 69 801 700 сом
Курулмалар 82 335 800 сом
Машина жана жабдуулар 34 668 687 сом
Контордук жабдуулар 1 255 400 сом
Эмерек жана буюмдар 4 541 900 сом
Транспорттук каражаттар 45 597 900 сом
Жалпысы 219 036 900 сом
2021-жыл жыл ичинде Айыл Банк аркылуу лизинг менен алынган техникалар.
Водовоз Sinotruk Howo 3 291 226 сом
Автовышка Sinotruk Howo 3 426 721 сом
Мусоровоз Sinotruk Howo (3 даана 2977351сомдон) 8 932 053 сом
Жалпысы 15 650 000 сом
2022-жылы Жаратылышты коргоо фондунун жана Айыл Банк аркылуу лизинг менен алынган техникалар.
Мусоровоз 1 даана 3 470 876 сом
Автобус (6 даана 3194081 сомдон) 19 164 487 сом
Жалпысы 22 455 713 сом
2016-жылдын 16-декабрында КР ФМ жана Баткен шаарынын мэриясы менен түзүлгөн 19-05/69 сандуу келишимдин негизинде Баткен шаарынын таза суу линиясын реконструксиялоо максатында алынган ЕБРР тарабынан 1,5 миллион ЕВРО кредит алынган. 2022-жыл ичинде 13188900 сом болсо, жалпысынан50 533 368 сом акча каражаты которулуп берилди. (Кредиттин төлөө мөөнөтү 2018-жылдан тартып 2030-жылдын 14-майына чейин жылына 120 000 евродон төлөнөт).
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин балансында турган социалдык обьектилер боюнча.
Баткен шаарында бүгүнкү күндө 7 орто мектеп, 2 башталгыч мектеп, 6 бала бакча, 5 ФАП, 3 эс алуу багы, 1 борбордук стадион,коргоого алынган Кызыл- Жол кварталындагы “Саймалуу таш” жана “Токтогул Олуя” маданий тарыхый жайы, шаар аймагында Улуу ата мекендик согуштун, ЧАЭСнын, Авган согушунун,Баткен кооогалаңынын, Кыргыз Тажик куралдуу салгылашуусунда курман болгон баатырлардын айкели жана коомдук ишмерлерге арналган 5 даана айкелдери бар.
Социалдык обьектилер жөнүндө маалымат.
| Обьектилердин аталышы | Муниципалдык менчикке обьектилерди кабыл алуу жөнүндө ЖӨБӨнын документтинин № жана күнү | Обьектинин 01.03.2018-жылга карата калдык наркы (мин.сом.) | Обьектинин жана көмөкчү курамалардын аянты (кв.м.) | Обектилердин мамлекеттик каттоо актысынын № жана күнү |
1 | Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп | Токтом №3-12 19.03.2009ж | 456300 | 18100кв.м | Серия Б №009650 |
2 | В.И.Ленин атындагы орто мектеп | Токтом №3-12 19.03.2009ж | 539200 | 24200кв.м | Серия Б №009653 |
3 | С.Айтматов атындагы орто мектеп | Токтом №3-12 19.03.2009ж | 136700 | 37200кв.м |
|
4 | Булак-Башы Баткен башталгыч мектеп | Токтом №3-12 19.03.2009ж | 87700 | 15000кв.м | Серия Б №009651 |
5 | Кызыл-Жол Баткен башталгыч мектеп | Токтом №3-12 19.03.2009ж | 85200 | 11500кв.м | Серия Б №009763 |
6 | С.Огата атындагы орто мектеп | Токтом №3-12 19.03.2009ж | 92400 | 12200кв.м | Серия Б №009654 |
6 | Өрүкзар балдар бакчасы | Токтом №3-12 19.03.2009ж | 56200 | 4800кв.м | Серия Б №009655 |
7 | Кызыл-Жол орто мектеби | Токтом №3-12 19.03.2009ж | 160500 | 5000кв.м | Серия Б №021077 |
8 | Айтпай Имаров Кызыл-Топу атындагы орто мектеп | Токтом №03-24/73 27.04.2017ж |
| 15607.15кв.м | Серия Б №025837 |
9 | №4 Баткен шаардык гимназия мектеби | Токтом №2-1/54 09.02.2011ж |
| 15000кв.м | Серия Б №009681 |
10 | Көркөм сүрөт мектеби |
|
|
|
|
11 | Булганыч сууларды тазалоочу жай |
|
|
|
|
12 | Борбордук стадион | Токтом №2-1/286 24.12.2009ж | 37075400 | 28735кв.м | Серия Б №009673 |
13 | Кызыл-Жол балдар бакчасы | Токтом №3-12 19.03.2009ж | 118000 | 50000кв.м | Серия Б №007900 |
| Баткен шаарынын мэриясынын №3 имараты |
|
|
|
|
14 | Эс алуу багы | Токтом №03-24/201 10.09.2013 |
| 10004кв.м | Серия Б №016586 |
15 | Эс алуу багы | Токтом №03-24/191 |
| 1600кв.м | Серия Б № 021107 |
16 | Манас эс алуу багы |
|
| 27000 кв.м |
|
17 | Кызыл-Жол ФАП | Токтом №2-1/211 05.10.2009ж |
| 3500кв.м | Серия Б №009671 |
18 | Булак-Башы ФАП |
|
|
|
|
19 | Ассафа ФАП |
|
|
|
|
20 | Базар-Башы ФАП |
|
|
|
|
21 | №4 Баткен шаарындагы гимназия-мектеби |
|
|
|
|
22 | Мончо ПРООНдун колдоосу менен |
|
|
|
|
23 | ФАП (Токтогул олуя) |
|
| 600 м2 |
|
24 | ФАП (Булак-Башы) |
|
|
|
|