БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИНТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 68
Баткен шаарында “өкүлчүлүктүү жыйынды” өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жана уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №215 Жарлыгын аткарууга алуу менен Баткен шаарында “өкүлчүлүктүү жыйынды” уюштуруу жана чакыруу максатында Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарында “өкүлчүлүктүү жыйын” 2023-жылдын 18-ноябры саат 10-00гө чакырылсын:
-Өкүлчүлүктүү жыйын Баткен облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлсүн.
2.Баткен шаарынан өкүлчүлүктүү жыйынга жалпы 200 делегат шайлансын.
3.Шаар аймагынан АТО дан калктын санына ылайык делегаттар бөлүштүрүлсүн №1 тиркеме.
4.Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү үчүн жумушчу топтун курамы бекитилсин. №2 тиркеме.
5.Шаар аймагында жер-жерлерде өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо үчүн коомдук жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттар жана өткөрүү графиги бекитилсин. №3 тиркеме.
-жер жерлердеги жыйындарды уюштуруу тобуна жана шаар мэриясына жүктөлсүн.
6.Шаардык өкүлчүлүктүү жыйында каралуучу күн тартибине төмөнкү маселелер сунушталсын:
1.Өкүлчүлүктүү жыйындын катчысын бекитүү
2.Эсептөө комиссиясынын курамын жана төрагасын бекитүү
3.Элдик курултайга 4 делегатты шайлоо (резервин кошо бекитүү)
4. Шаардагы 3 орчундуу маселени тандоо
7.Өкүлчүлүктүү жыйын өтүүдө аймактагы коомдук тартипти көзөмөлдөө, коопсуздуктун алдын алуу, техникалык муктаждыктар жана медициналдык жардамдарды көрсөтүү чаралары шаар мэриясы /ИБурканов/ тарабынан жүргүзүлсүн.
8.Шаардын өкүлчүлүктүү жыйынына көрүлүүчү даярдыктар жана өткөрүү иш чаралары жөнүндө маалыматтар шаар калкына, шаардык Кеңештин жана шаар мэриясынын расмий сайты, социалдык баракчалары, атайын кулактандыруулар (банер), Баткен УТРКсы жана Салам радиосу аркылуу жеткирилсин.
9.Токтом мамлекеттик каттоого киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасы А.Ашировго жана уюштуруу тобуна тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VII
чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
№ 68 токтомуна №1 тиркеме
Баткен шаарынын АТО нун калкытын санына ылайык делегаттардын
шайлануучу квоталык саны
1.Келечек АТОсунан - 48
2.Чет-Булак АТОсунан - 24
3.Базар-Башы АТОсунан - 25
4.Булак-Башы АТОсунан - 9
5.Кызыл-Дөң АТОсунан - 56
6. Кызыл-Жол АТОсунан - 38
Жалпы: 200
Жооптуу катчы: Ж.Алдашова
Баткен шаардык Кеңешинин VII
чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
№ 68 токтомуна №2 тиркеме
Баткен шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды жана коомдоштук жыйналыштарын уюштуруу жана өткөрүү тобунун курамы
Уюштуруу тобунун төрагасы:
1.Аширов А Баткен шаардык Кеңешинин төрагасы
Катчысы:
2.Алдашова Ж шаардык Кеңештин жооптуу катчысы
Мүчөлөрү:
3.Мурзалиева А шаардык Кеңештин депутаты
4.Маматисаев М шаар мэринин орун басары
5.Кожомбердиев Б шаар мэриясынын аппарат башчысы
6.Акматов А ММД башчысы
7.Басиров К Шаардын ички иштер бөлүм башчысынын орун басары
8.Курбанбеков М ӨКМ дин Баткен шаары боюнча бөлүм башчысы
9.Айкынов Х Аксакалдар сотунун төрагасы
10.Бадалов Р Коомчулуктан
11.Рыскулова И шаар мэриясынын уюштуруу жана кадрлар бөлүмүнү башчысы
Жооптуу катчы: Ж.Алдашова
Баткен шаардык Кеңешинин VII
чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
№ 68 токтомуна №3 тиркеме
Шаар аймагында жер-жерлерде өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо үчүн коомдук жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттар жана өткөрүү графиги