Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2023-жылдын 2-октябры № 70

Баткен шаарынын  алдында түзүлгөн  Капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасынын  жобосун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна, Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын  21-сентябрындагы № 01-13/2278  катына жана шаардык Кеңештин Архитектура,  курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер  маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:

1.Баткен шаар мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасынын жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)

2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук  юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов

 

 

 

 

 

Баткен шаардык Кеңешинин VII 

чакырылышынын кезектеги XX

сессиясынын №70  токтомуна

№1 тиркеме

 

Баткен шаардык мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш муниципалдык  чарбалык  ишканасынын жобосу

1.Жалпы жоболор

1.1. “Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш муниципалдык -чарбалык  ”  ишканасы уюштурулсун.

1.2. “Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш муниципалдык-чарбалык” ишканасынын жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анын милдеттерин жана ишинин укуктук, уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

 1.3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ал бекитилген жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып колдонууга киргизилет. 

1.4. Толук аталышы:

Орус тилинде -“Муниципальное хозяйственное предриятия капитального строительства при мэрии города Баткен”.

Кыргыз тилинде - “Баткен шаарынын  мэриясы нын алдындагы капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасы”.

1.5. Ишкананын уюштуруучусу: Баткен шаарынын мэриясы.

1.6. Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Баткен шаары, И.Жусупов көчөсү №46 

1.7. Баткен шаарынын алдындагы капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасы ушул Жобого ылайык аракеттелген Баткен шаардык мэриясына түздөн-түз баш ийген жана Баткен шаарынын территориясында капиталдык курулуштар программасын ишке ашырган юридикалык укугу бар мекеме болуп саналат.

1.8. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Баткен шаарынын  кеңешинин токтомдоруна, Баткен шаарынын мэриясынын буйруктарына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.

 

2. Ишкананын юридикалык статусу

2.1. “Баткен шаарынын  мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ”  ишкана болуп саналат.

2.2. “Баткен шаарынын  мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык”  ишканасы юридикалык жак болуп, обочолонгон мүлккө ээ, өзүнүн аталышы, мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган гербдүү мөөргө, тийиштүү мөөрлөргө, бурчтук жана башка штамптарга, өздүк эсепке, фирмалык бланктарга ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Капиталдык курулуш муниципалдык ишканасынын балансындагы акча каражаттарын, капиталдык салым үчүн бөлүнгөн каржылоолорду жана башка бардык материалдык баалуулуктарды тескейт.

2.4. Баткен шаарынын  мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы - объекттерди куруу жана кайра куруу боюнча тапшырыкчы-куруучу кызматын жүзөгө ашыруучу, курулуштарды жана имараттарды, Баткен шаарындагы жолдорду, тратуарларды капиталдык оңдоону, кайрадан жаңыртууну аткаруучу Баткен шаарынын мэриясынын мекемеси (түзүмдүк бөлүмү) болуп саналат.

2.5. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасы  - Баткен шаарындагы курулуш жана реконструкциялоо объекттери боюнча белгиленген мөөнөттө, капиталдык салымдарды натыйжалуу, сарамжалдуу жана негиздүү өздөштүрүү, имараттарды, жол курулмаларды капиталдык оңдоону жана калыбына келтирүүнү аткаруучу кызматы максатында түзүлгөн бирден-бир тапшырыкчы кызматы болуп саналат. 

2.6. Баткен шаардык мэриясынын капиталдык курулуш  муниципалдык  чарбалык ишканасы - имараттардын, социалдык маданий курулмалардын, турак-жай жана коммуналдык курулуштарын эл аралык уюмдар, банктар жана респбуликалык дем берүүчү гранттар аркылуу  каржылоочу мекемелер тарабынан каржыланган долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшөт.

2.7. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасы - өзүнүн иш аракетинде Баткен шаарынын мэриясынын структуралык бөлүмдөрү, шаардагы башка кызматтар, эксплуатациялоочу уюмдар, акционердик коомдор, компаниялар, мекеме-ишканалар, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, курулуш жана коммуникациялар боюнча мамлекеттик органдар менен кызматташат.

 

3. Максаты жана милдеттери

Капиталдык Курулуш  муниципалдык чарбалык ишканасы  Баткен шаарынын мэриясы белгилеген ыйгарым укуктарынын чегинде капиталдык оңдоо, реконструкциялоо боюнча тапшырыкчы-куруучунун милдетин аткарат.

3.1. Ишкананын  ишмердигинин максаты тапшырыкчы-куруучунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу, Баткен шаарындагы курулуш жана реконструкциялоо объекттери боюнча капиталдык салымдарды натыйжалуу, сарамжалдуу жана негиздүү өздөштүрүү, имараттарды, жол курулмаларды капиталдык оңдоону жана калыбына келтирүүнү аткаруу;

3.2. Ишкана белгиленген мыйзамдык тартипте Баткен шаарындагы тапшырыкчы-куруучунун жана капиталдык оңдоо, реконструкциялоо боюнча техникалык көзөмөлдөөнүн, турак жай-коммуналдык багыттагы объекттерди жана социалдык, маданий, тиричилик объекттерди капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-милдеттерин жүзөгө ашырат.

3.3. Баткен шаарындагы объекттерди куруу жана реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүүгө байланыштуу курулуштарды бузуу боюнча бирдиктүү тапшырыкчынын иш-милдетин жүзөгө ашырат, Баткен шаарынын мэриясы тарабынан берилген, ыйгарылган компетенциялар жана ыйгарым укуктардын чегинде бүтпөгөн курулуш объекттерин эсепке алууну жана контролдоону жүргүзөт.

3.4. Инвестициялык процесстин башка катышуучулары менен бирдикте өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана саламаттык сактоо, турак жай-коммуналдык багыттагы объекттерди жана социалдык, маданий, тиричилик объекттерин долбоорлоонун жана куруунун узактыгынын ченемдери менен белгиленген мөөнөттө ишке киргизүү боюнча тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылат.

3.5. Капиталдык салымдардын натыйжалуулугун жогорулатууну, ошондой эле долбоорлоо жана куруу мөөнөтүн кыскартууну камсыз кылат.

3.6. Капиталдык курулуштун болжолун иштеп чыгууга, бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде объект боюнча подряддык иштердин көлөмдөрү боюнча капиталдык салымдар боюнча лимиттерди кайра бөлүштүрүүгө катышат жана аларды белгиленген тартипте макулдашууну камсыз кылат.

3.7. Курулуштардын титулдук тизмелерин иштеп чыгууга (белгиленген тартипте) катышат.

3.8. Долбоордук-сметалык документтерди белгиленген тартипте Макулдашууну жана кайра бекитүүнү (келишимдик бааны аныктоо менен), ошондой эле тиешелүү документтерге подряддык уюмдардын жана экспертиза органдарынын сын-пикирлери жана корутундулары боюнча оңдоп-түзөөлөрдү киргизүүнү уюштурат.

3.9. Колдонуудагы Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө формалар боюнча техникалык документтерди каржылоочу мекемеге өткөрүп берүү менен капиталдык салымдардын көлөмүнүн чегинде долбоордук-изилдөө иштерин жана объекттердин курулушун банк мекемелеринде өз убагында ачууну жана үзгүлтүксүз каржылоону камсыз кылат.

3.7. Подрядчы уюмдар, товар камсыздоочу (поставщик), долбоорлоо-изилдөө жана башка уюмдардын аткарган иштерин, жеткирип берилген товарлардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын бааларын жана акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтерин текшерет.

3.8. Капиталдык салымдардын тийиштүү түзүмү боюнча сметалык лимиттин чыгымдалышын, курулуш объекттери жана чыгымдар боюнча бухгалтердик эсептин тууралыгын эсепке алат жана көзөмөлдөйт.

3.9. Аткарылган иштердин көлөмү жана наркы жөнүндө ал кол койгон документтердин негизинде жумуштарга акы төлөөнү, ошондой эле бүткөрүлгөн курулуш объекти боюнча акыркы эсептөөлөрдү белгиленген тартипте жүргүзөт.

3.10. Курулушту контролдоп техникалык көзөмөл жүргүзөт, курулуш нормаларына, эрежелерине ылайык аткарылган иштердин наркына, сапатына, долбоор жана сметалык эсебине, техникалык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин жана аткарылган иштерди жүзөгө ашырат. Долбоорлоо уюмдары тарабынан автордук көзөмөлдүн ишке ашырылышын камсыз кылат.

3.11. Курулушу бүткөн объекттерди мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын кабыл алуусуна катышат, иштеп жаткан уюмдар тарабынан долбоорлоо-сметалык жана аткаруу техникалык документтерин, жумушчу жана мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын актыларын бардык сунуштары менен өткөрүп берет.

3.12. Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө карата архитектуралык-шаар куруу  корутундуларын жана инженердик-техникалык  корутундуларды иштеп чыгат жана бекитет.

-жер участокторунун чегин аныктоо жана укуктарды  берүүгө шаар куруу корутундуларын даярдоо, кыймылсыз мулк объекттерин функционалдык арналышын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду техникалык сунуштама даярдоо жана женилдетилген типтеги объекттерди уюштуруу  жана жайгаштырууну  ишке ашырат.

-аткаруу жана топографиялык съемкаларды орундоо, жеринде (натурага чыгуу) имараттардын, курулмалардын негизги магистралдык, инженердик  коммуникациялардын окторун  жана чектерин , ошондой эле  шаар куруунун жөнгө салуу сызыктарын орнотуу;

-объктилердин долбоордук жана шаар куруу документтерин  макулдашуу  иштерин аткарат.

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык долбоорлоо, курулуш, оңдоо-реабилитациялык иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга тендерлерди уюштурат жана өткөрөт.

3.13.  Курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышын эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.

3.14. Шаардын саламаттык сактоо, турак жай, коммуналдык, маданий-тиричилик багытындагы объекттеринин курулушун өнүктүрүү программаларын жана концепцияларын иштеп чыгат.

3.15. Шаар курулушун өнүктүрүү программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорду, эл аралык финансы уюмдарынын жана жеке жактардын кредиттерин жана зайымдарын тартуу үчүн зарыл документтерди даярдайт.

3.16. Жумуштун натыйжалуулугун көтөрүү максатында сунуштарды даярдайт.

3.17. Титулдук тизмеге ылайык банк мекемелеринен каржылоону камсыз кылат, анда ар бир подрядчы ишти аткарууга бөлүнгөн каражаттардын суммасын, ошондой эле техникалык көзөмөлдү күтүүгө бөлүнгөн сумманы өзүнчө сап менен көрсөтөт.

4. Укуктук статусу

Баткен шаарынын капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасы   өз милдеттерин чечүү максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

4.1. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдар менен Кыргыз Республикасында да, ошондой эле анын чегинен тышкары да келишимдерди жана башка юридикалык актыларды түзүүгө, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, милдеттенме алууга, сотто жана мамлекеттик арбитражда доогер жана жоопкер болууга.

4.2. Юридикалык жак Баткен облустук  юстиция башкармалыгында каттоодон өткөн учурдан тартып укукка ээ болот.

4.3. Ассоциацияларга, профсоюздарга кирүүгө жана андан чыгууга укуктуу.

4.4. Өзүнүн жалданган кызматкерлеринин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, жалданган кызматкерлер капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасы милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

4.5. Инвесторлорду, анын ичинде жеке жана чет өлкөлүк инвесторлорду саламаттык сактоо, турак жай, коммуналдык, маданий-тиричилик багытындагы объекттерди курууга тартуунун башка ыкмаларын издеп табууга, долбоорду ишке ашыруу аяктаганына жараша аткарылган иштер үчүн подрядчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.

4.6. Баткен шаарынын мэриясынын жетекчилигине сметалык-финансылык эсептерде (ФЧБ) жана бекитүүгө чейин курулушка жыйынды сметада каралган чектөө бүткөн айрым курулуш объекттерин каржылоого уруксат берүү жөнүндө сунуш берет.

4.7. Подрядчы техкөзөмөлдүн мыйзамдуу талаптарын аткарбаганда жана долбоорлорду жана колдонуудагы ченемдик документтерди бузууга жол бергенде Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы подряддык уюмду алмаштырууга укуктуу.

4.8. Подрядчы тарабынан техкөзөмөлдүн мыйзамдуу талаптары аткарылбаса жана ал тарабынан жол берилген долбоорлор жана колдонуудагы ченемдик документтер бузулган учурда Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы подряддык уюмду алмаштырууга укуктуу.

4.9. Ушул Жобого ылайык социалдык, маданий, тиричилик, коммуналдык жана турак жай-жарандык багыттагы объекттерди курууга долбоорлоо-сметалык документацияны бекитүү жөнүндөгү сунуштарды Баткен шаарынын мэриясынын жана башка уюмдардын кароосуна киргизүүгө;

- подрядчылардан курулуш-монтаждоо иштерин бекитилген долбоорлоо-сметалык документтерге ылайык сапаттуу аткарылышын, курулуш жана ишке киргизүүнү жөнгө салуучу жумуштарды жүргүзүүдө жана курулуштун жер титирөөгө туруштук бере алуусунун ченемдеринин жана курулуш өндүрүшүнүн технологиясынын сакталышын талап кылууга укуктуу;

4.10. Баткен шаарынын мэриясынын жетекчилигине мурда даярдалган долбоорлоо-сметалык документтерге, ошондой эле узак убакыт бою иштер аткарылбаган долбоорлоо-изилдөө иштерине кеткен чыгымдарды эсептен чыгаруу жөнүндө сунуштарды берет.

4.11. Кызматкерлердин эмгек акысынын формаларын, системасын, ошондой эле кирешелеринин башка түрлөрүн өз алдынча белгилейт, эмгек акынын Мыйзам менен кепилденген эң төмөнкү өлчөмүн камсыз кылат.

4.12. Өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде өз кызматкерлери үчүн кошумча өргүүнү, кыскартылган жумуш күнүн жана башка жеңилдиктерди өз алдынча белгилөөгө, ошондой эле курулуш-монтаждоо иштерин аткарган подряддык уюмдардын кызматкерлерин сыйлоого;

4.13. Баткен шаарынын мэриясынын чечимине ылайык өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын иштерине жана аларды жоюу боюнча ыкчам топторго катышууга укуктуу.

 

5. Түзүмү жана башкаруу органдары

5.1. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасы Баткен шаарынын мэриясынын  иш процессинин зарылдыгына жараша өркүндөтүлөт.

5.2. Баткен шаарынын капиталдык курулушун башкаруу органы болуп-Баткен шаарынын мэриясы саналат. 

5.3 Капиталдык курулуш башкармалыгынын директору КРнын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте Баткен шаарынын мэри тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат. 

5.4. Баткен шаарынын мэриясынын ККБнын башчысы  Баткен шаарынын мэриясы менен макулдашуу боюнча эмгек акы төлөө системасы, ички тартип эрежелери мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталышын, кызматкерлерди социалдык коргоо маселесин камсыз кылат

5.5. Баткен шаарынын мэриясынын ККБнын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон бардык маселелерин директор өз алдынча чечет жана төмөнкү негизги функцияларды аткарат:

Бөлүм башчы: буйруктарды чыгарат; ишкананын эмгек жамаатынын мүчөлөрү аткарууга милдеттүү болгон нускамаларды жана актыларды бекитет;

кызматкерлердин штаттык ырааттамасын, алардын эмгек акысынын өлчөмүн аныктайт; кызматкерлер менен эмгек келишимдерин түзөт, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматкерлерди кабыл алат жана жумуштан бошотот, өзгөчөлөнгөндөрдү сыйлайт жана эмгек тартибин бузган кызматкерлерге тартиптик жаза колдонот. кызматкерлердин функционалдык милдеттерин бөлүштүрөт; ишкананын атынан келишим түзөт; эмгекти коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат, кызматкерлерге коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өткөрүүнү камсыз кылат; мүлктүн сакталышы боюнча көзөмөл жүргүзөт; банктарда эсеп ачат; Баткен шаарынын мэриясынын бардык кызматтары менен иш-аракеттерди координациялайт; ККБнын адистеринен кеңешүү органын (өндүрүштүк-техникалык кеңеш) түзөт; 

5.6. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу директордун буйругу боюнча ишкананын _______________ жүктөлөт.

 

6. Мүлк, каржы жана фонддор

6.1. Мүлктү негизги фонддор, муниципалдык менчик укугундагы жүгүртүү каражаттары, ошондой эле чарбалык эсептеги иштин негизинде иштеп тапкан, Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын менчиги болуп саналган башка материалдык баалуулуктар жана материалдык ресурстар түзөт.

 6.2. Төмөнкүлөр Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын мүлкүн түзүү булактары болуп саналат; 

- Баткен шаарынын мэри тарабынан бекитилген чыгымдар сметасы боюнча үстүдөгү жылга капиталдык салымдардын эсебинен каржылоо;

- капиталдык салымдар жана бюджеттен каражаттар;

- банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен тыюу салынбаган башка булактар.

6.3. Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы негизги фонддордун, жүгүртүү каражаттарынын көлөмүн, жабдуулардын, инвентарлардын, жана башка техниканын, автоунааларынын санын өз алдынча аныктайт.

 

Материалдык-финансылык камсыздалуусу

 

7.1. Материалдык-финансылык камсыз кылуу иш берүүчүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.

7.2. Эмгекке акы төлөө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

7.3. Жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн капиталдык курулуш башкармалыгынын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген объекттерди курууга, оңдоого, ошондой эле калкка жардам көрсөтүүгө бөлүнгөн каражаттардын жалпы көлөмүнүн эсебинен толук чарбалык эсеп принцибинде ишке ашырылат.

7.4. Капиталдык курулуш башкармалыгы өз ишинен алган бардык кирешелер капиталдык курулуш башкармалыгынын карамагында калат жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жана кызматкерлерди материалдык жактан стимулдаштырууга жумшалат.

7.5. Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана курулуш объекттерин ишке киргизүү (көбөйтүү) үчүн белгиленген тартипте сыйланат. Бош акча каражаттары болгон учурда Баткен шаарынын мэриясынын ККБнын директорунун буйругунун негизинде кызматкерлерге кошумча акы төлөөгө жол берилет.

 

Эсептүүлүгү жана отчеттуулугу

 

8.1. Баткен шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармасы өз ишинин жыйынтыктарын эсепке алууну жүзөгө ашырат, белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт жана анын анык эместиги үчүн жоопкерчилик тартат.

9. Финансылык-чарбалык ишти текшерүү

 

9.1. Финансылык-чарбалык ишти текшерүү Баткен шаарынын мэриясынын чечими боюнча же компетенттүү органдардын талабы боюнча көз карандысыз аудиторлор тарабынан макулдашуу шартында жүзөгө ашырылат.

9.2. Текшерүү комиссиясы жүргүзүлүп жаткан ревизиянын жүрүшүндө Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жобосунун сакталышын, анын мүлкүн, чарбалык операциялардын мыйзамдуулугун, эсеп-кысаптын, эсептөөлөрдүн жана отчеттуулуктун тууралыгын текшерет.

 

Кызматкерлерди социалдык жактан коргоо

 

10.1. Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынган медициналык, социалдык жана пенсиялык камсыздандырууга укуктуу. 

 

 

 

10.2. Жалдоо жана бошотуу боюнча маселелер, ички тартип жана акы төлөнүүчү өргүүлөрдүн узактыгы кызматкерлердин тиешелүү категориялары үчүн белгиленген ченемдерге ылайык жүргүзүлөт.

10.3. Кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн формалары жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

11. ККБын ишмердигин жоюу жана кайра уюштуруунун тартиби жана негиздери

Баткен шаарынын мэриясы ишкананын жогорку органы болуп эсептелет, ал мыйзамдарга ылайык ишкананы түзүү, Ишкана жөнүндө Жобону бекитүү жана өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү, ишкнананы кайра уюштуруу жана жоюу, Ишкананын  түзүмүн,  штаттык ырааттамасын бекитүү, Ишкананын башчысын жана орун басарларын дайындоо жана бошотуу маселелерин чечет.

11.1. Ишкананы кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Баткен шаардык мэриясынын чечимине ылайык жүзөгө ашырылат.

11.2. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы  капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасы мамлекеттик реестрге тиешелүү жазуу киргизилген учурдан тартып жоюлган же кайра түзүлгөң болуп эсептелет.

11.3.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы  капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасы кайра түзүлгөндө, бириктирилгенде, бөлүп чыгарылганда же жоюлганда бардык мүлктүк укуктары жана милдеттери укук мураскоруна же муниципалдык менчик ээсине өтөт.

11.4. Ишкананы  жоюу жөнүндө чечим мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча алардын компетенциясына ылайык сотко же мамлекеттик арбитражга ишканага  тиешелүү чечим тапшырылган күндөн тартып бир айдын ичинде даттанылышы мүмкүн.

11.5. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы  капиталдык курулуш муниципалдык чарбалык ишканасы кайра уюштурулганда же жоюлганда иштен бошотулган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын сакталышына кепилдик берилет.

 

 

Жооптуу катчы                                                                                Ж.Алдашова