БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 71
Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун Төрт-Гүл участкасынын Р-1 каналынын түштүк тарабындагы ММД 0,05 га “Жайыт, айдоо жер жана шалбалар” багытындагы жер аянтын “ өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун 1-пункутчасына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансфрмациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна,12-беренесине жана Баткен шаарынын ММД 2023-жылдын 23-августундагы №02-6/479 катына, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын сентябрындагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун Төрт-Гүл участкасынын Р-1 каналынын түштүк тарабындагы ММД 0,05га “Жайыт, айдоо жер жана шалбалар” багытындагы жер аянтын “ өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына которууга макулдук берилсин
2.Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД тиешелүү 0,05 га жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |