Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2023-жылдын 2-октябры № 75

Баткен шаар мэриясынын алдындагы, мамлекеттик фондундагы (АЖМФ)  айыл чарба жерлерин инвентаризациялоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 34-беренесинин  2-пункутуна,   Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын  21-сентябрь №02-6/550  катына жана шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги XX сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы, мамлекеттик фондундагы (АЖМФ)  айыл чарба жерлерин 2023-жыл үчүн инвентаризациялоого макулдук берилсин.

2.Айыл чарба  жерлерин инвентаризациялоодон толугу менен өткөрүүнү уюштуруу жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын

3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук  юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов