Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2023-жылдын 2-октябры № 77

Баткен шаарынын Кызыл-Дөн  аймактык башкармалыгынын Сайдиман-Ажи көчөсүндөгү Осмонов Максатбектин 1,01 га өлчөмүндөгү “ көп жылдык бак дарактар багытындагы”  жер аянтын  “коммерциялык активдүүлүк” багытына трансформациялоого (которууга)макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесине жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы №01-13/2335 катынын, шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги XX сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын Кызыл-Дөн  аймактык башкармалыгынын Сайдиман-Ажи көчөсүндөгү Осмонов Максатбекке тиешелүү 1,01га өлчөмүндөгү “көп жылдык бак дарактар  багытындагы”  жер аянты  “коммерциялык активдүүлүк” багытына трансформациялоого (которууга) макулдук берилсин.

2.Тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.

3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук  юстиция башкармасына жөнөтүлсүн

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов