БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 80
Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгында бала бакча үчүн калтырылган 0,50 га өлчөмүндөгү “жайыт жер” аянтын, “социалдык, өнөр жай курулуштарды куруу категориясына” трансформациялоого (которууга) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесине жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы №02-6/524 катынын, шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгында бала бакча үчүн калтырылган 0,50 га өлчөмүндөгү “жайыт жер” аянты, “социалдык, өнөр жай курулуштарды куруу категориясына” трансформациялоого (которууга) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
3Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |