БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 82
Баткен шаарынын карамагындагы Дөгмөн жайлоосунан Кара-Белес ЖЧКсынын көмүр казуу иштеринен чыккан калдыктарды төгүү үчүн 4,53 га жер аянтын кошумча бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктчасы, 34-беренесинин 1-пунктун, 5-пунктчасына, Баткен шаардык Кеңешинин биргелешкен туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы кортундусуна, Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы №1-12/2378 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын карамагындагы Дөгмөн жайлоосунан Кара-Белес ЖЧКсынын көмүр казуу иштеринен чыккан калдыктарды төгүү үчүн 4,53 га жер аянтын кошумча бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Дөгмөн жайлоосунан Кара-Белес ЖЧКсына көмүр казуу жана казуудан чыккан калдыктарды төгүү үчүн тийиштүү юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |