Загрузка документа…
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Министрлердин Кабинетинин 2023-жылдын
23-декабрындагы № 733 токтомуна
Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайларынын начальниктери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби жөнүндө нускама
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартибин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайларынын начальниктери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздер жана ишеним каттар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге теңдештирилет.
3. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги өзү күбөлөндүрүлгөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундугун сактоого милдеттүү.
Керээздин мазмуну эч кимге, анын ичинде керээзде көрсөтүлгөн адамдарга да билдирилбеши керек. Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалымкаттар керээз калтыруучу адам өлгөндөн кийин гана анын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөндөн кийин берилет.
Ишеним каттын бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалымкаттар адамдарга алардын тапшыруусу же аларга карата иш-аракеттер жасалган, ошондой эле өндүрүштөрүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын талабы боюнча берилет, ошондой эле “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Күбөлөндүрүлгөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундугун сактоо жөнүндө эрежелер кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жасалган керээздер жана ишеним каттар жөнүндө белгилүү болгон адамдарга да таркатылат.
Күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашыруундугун бузган эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жасалган керээздер, ишеним каттар жөнүндө белгилүү болгон адамдар кылмыш-жаза, жарандык мыйзамдарда жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.
4. Керээз бир тараптуу бүтүм болуп саналат. Керээзди күбөлөндүрүүдө эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131 жана 1132-статьяларын жетекчиликке алат.
5. Керээз берүүчүдөн керээзди күбөлөндүрүүдө керээзге калтырылуучу мүлккө анын укуктарын ырастоочу далилдерди берүү талап кылынбайт. Керээз берүүчү келечекте сатып алынышы мүмкүн болгон мүлктүк укуктарды жана мүлктү керээз кылууга укуктуу.
6. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги эркиндигинен ажыратуу жайларындагы же камакта кармалган адамдарга керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрүүдө алардын укуктарын жүзөгө ашырууда жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо көмөктөшүүгө милдеттүү.
Ушул максаттарда эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги:
1) эркиндигинен ажыратуу жайларындагы же камакта кармалган адамдарга керээзге жана ишеним каттан келип чыгуучу укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;
2) керээзди жана ишеним катты күбөлөндүрүүгө байланыштуу келип чыгуучу кесепеттери тууралуу эскертет;
3) керээзди өзгөртүү, керээзди же ишеним катты жокко чыгаруу тартибин түшүндүрөт;
4) эркиндигинен ажыратуу жайларындагы же камакта кармалган адамдардын арызы боюнча керээздердин же ишеним каттардын долбоорлорун түзөт.
7. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги эркиндигинен ажыратуу жайларындагы же камакта кармалган аракетке жөндөмдүү адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына жана жалпы эрежелерине ылайык түзүлгөн керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрөт.
8. Керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдө эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги керээзди же ишеним катты (өздүк иш боюнча) күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын инсандыгын аныктайт.
9. Күбөлөндүрүлө турган керээздерге жана ишеним каттарга эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальнигинин катышуусунда кол коюлат.
10. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен психикалык оруунун кесепетинен аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдардын, ошондой эле керээз же ишеним кат түзүлүп жаткан учурда өзүнүн иш-аракеттеринин маанисин түшүнө албаган же башкара албаган абалда болгон адамдардын керээздери жана ишеним каттары күбөлөндүрүлүшү мүмкүн эмес.
Керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын психикалык оорусунун себеби боюнча керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартуу ушул адамды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана мүмкүн.
Эгерде эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальнигине кайрылган адам соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун, спирт ичимдиктерин же баңги каражаттарын кыянаттык менен пайдалануунун кесепетинен аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп табылгандыгы белгилүү болсо, анын керээзи жана ишеним каты камкордукка алган адамдын макулдугу менен гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
11. Керээз жана ишеним каттын түзүлгөн жерин, күнүн жана убактысын көрсөтүү менен кат жүзүндө түзүлүүгө жана өз колу коюлууга тийиш.
Керээз керээз калтыруучу тарабынан жазылууга же эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги тарабынан анын сөзүнөн жазылууга тийиш. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги тарабынан керээзди күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын сөзүнөн жазылган керээз керээзге кол коюлганга чейин аларга толук окулуп берилиши керек, бул жөнүндө керээз калтыруучунун колу коюлганга чейин күбөлөндүрүүчү жазууда болууга тийиш.
Эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адам өзүнүн дене боюнун кемчилигинен, оорусунан же сабатсыздыгынан улам керээзди же ишеним катты өзү окуй албаса, анын тексти ага эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги тарабынан окуп берилет, бул туурасында керээзде же ишеним катта окуй албай койгондугунун себеби көрсөтүлүү менен тиешелүү жазуу түшүрүлөт.
Эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адам өзүнүн дене боюнун кемчилигинен, оорусунан же башка себептерден улам керээзге же ишеним катка өзү кол коё албаса, ага анын өтүнүчү боюнча жана анын катышуусунда, ошондой эле күбөнүн жана начальниктин катышуусунда башка адам тарабынан кол коюлушу мүмкүн жана анда эркиндигинен ажыратуу жайларындагы же камакта кармалган адам эмне үчүн документке өзүнүн колун коё албаган себептери көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык керээз калтыруучунун ордуна төмөнкүлөр керээзге кол коё алышпайт:
1) керээзди күбөлөндүрө турган кызмат адамы;
2) пайдасына керээз түзүлгөн же керээздик баш тартуу жасалган адам, мындай адамдын жубайы, анын балдары, ата-энеси, неберелери жана чөбөрөлөрү, ошондой эле керээз калтыруучунун мыйзам боюнча мурастоочулары;
3) аракетке жөндөмдүүлүгү толук көлөмдө болбогон жарандар;
4) сабатсыз жана керээзди окууга жөндөмү жок башка адамдар.
12. Керээздин же ишеним каттын тексти так жана даана жазылууга тийиш, документтин мазмунуна тиешелүү сандар жана мөөнөттөр – бир жолудан кем эмес сөздөр менен жазылууга тийиш. Жарандардын фамилиясы, аты жана атасынын аты толук жана алардын жашаган жерин көрсөтүү менен жазылууга тийиш.
Керээзде же ишеним катта тазалап оңдоолор жана башка оңдоолор эскертүүлөр аркылуу түшүндүрүлүшү керек. Мисалы, керээздин текстинде “турак үйү” деген сөздөр “турак үйүнүн экиден бир үлүшү” деп оңдолсо, анда оңдоо төмөнкүдөй айтылууга тийиш: “сызылган “турак үйү” деген сөздөр окулбасын, “турак үйүнүн экиден бир үлүшү” деп жазылган сөздөр “туурасы” деп эсептелсин”. Ушул оңдоого керээз калтыруучу (же керээз калтыруучунун өтүнүчү боюнча керээзге кол койгон адам) начальниктин катышуусунда кол коюлууга тийиш.
13. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги төмөнкүдөй учурларда керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартат:
1) эгерде ушундай иш-аракетти жасоо мыйзамга каршы келсе;
2) эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүү өтүнүчү менен аракетке жарамсыз адам кайрылса.
Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги керээзи же ишеним каты күбөлөндүрүүдөн баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептерин кат жүзүндө баяндап берүүгө жана анын даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Мындай учурларда эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги он календардык күндөн кечиктирбестен керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө токтом чыгарат.
Баш тартылганы жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) токтом чыгарылган күн;
2) керээзин же ишеним катын күбөлөндүрүү үчүн кайрылган адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты, анын жашаган жери;
3) кайрылган адам кайсы нотариалдык иш-аракетти жасоо жөнүндө өтүндү;
4) нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартуунун жүйөлөрү (мыйзамдардын ченемдерине шилтеме жасоо менен);
5) баш тартууну даттануунун тартиби жана мөөнөтү.
14. Начальник тарабынан керээз же ишеним кат туура эмес күбөлөндүрүлгөнүнө, аны күбөлөндүрүүдөн баш тартууга даттануулар эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жериндеги сотко берилет.
15. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын начальниги төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
1) керээзди же ишеним катты өз атына, өз атынан, өзүнүн жубайынын атына жана өз жубайынын атынан, анын жана өзүнүн туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, неберелеринин, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын, чоң атасынын, чоң энесинин) атынан күбөлөндүрүүгө;
2) керээзди же ишеним катты эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын кызматкерлеринин атына жана алардын атынан күбөлөндүрүүгө.
Көрсөтүлгөн эрежелерди бузуу менен күбөлөндүрүлгөн керээздер же ишеним каттар жараксыз болуп саналат.