Загрузка документа…
5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы N 733 токтомуна)
Нотариалдык иш-аракеттерди электрондук түрдө жасоо жана электрондук документтерди пайдалануу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип нотариалдык иш-аракеттерди электрондук түрдө жасоо жана электрондук иш-аракеттерди жасоодо электрондук документтерди пайдалануу, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга кыйла ийкемдүү жана сапаттуу юридикалык кызмат көрсөтүү, документтерди мамлекеттик маалыматтык системалардан алуунун эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык органдардан талап кылынган документтердин жана маалымкаттардын санын кыскартуу максатында, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн берилген электрондук документтерге карата талаптарды жөнгө салуу тартибин белгилейт.
4. Ушул тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) эки же бир нече нотариустун жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан күбөлөндүрүү – эки же бир нече нотариустун жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан (онлайн) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
2) арыз берүүчүнүн жеке кабинети аркылуу аралыктан күбөлөндүрүү – тиешелүү арыз менен аралык форматында (нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу жеке кабинет аркылуу) нотариуска (кызмат адамына) кайрылуу аркылуу тараптар кол койгон бирдиктүү документ катары келишим талап кылынбаган учурларда нотариалдык конторага, бюрого (мекемеге) арыз берүүчүнүн баруусуз нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
3) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМТ) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрүн камсыз кылуу үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система;
4) арыз ээлери – “Жеке кабинет” аркылуу кайрылган жеке жана юридикалык жактар;
5) арыз берүүчүнүн жеке кабинети – нотариустун кызматтарына жарандардын аралыктан кайрылуусу үчүн арналган НБМСнын электрондук сервиси, анда нотариус тарабынан анын атынан жана анын катышуусу менен берилген бардык нотариалдык документтер (актылар) сакталат;
6) оператор – маалыматтык системаны эксплуатациялоо, аны техникалык жана программалык коштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу милдети жүктөлгөн өзүнүн адистери аркылуу аракеттенген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
7) маалыматтардын ачык жеткиликтүүлүгү – аныкталган нотариалдык иш-аракеттерди жасоого, ачык жеткиликтүү болгон маалыматтарды текшерүү үчүн даярдоо үчүн расмий маалыматты табууга мүмкүндүк берген маалымдама бөлүм;
8) идентификациялык жеке номер (мындан ары – ИЖН) –калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана жарандарды персонификациялык (жекече) эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн күбөлөрүнүн, жабырлануучуларынын жана башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, алардын өмүрүнүн аягына чейин өзгөртүүсүз сакталуучу жеке номер;
9) ыйгарым укуктуу кызмат адамы – “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык нотариалдык иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
10) колтамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты (мындан ары – квалификацияланган сертификат) – негизги (тамыр) күбөлөндүрүүчү борбордун функциялары жүзөгө ашырган, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор же аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун ишенимдүү жагы же электрондук колтамгаларды пайдалануу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органы тарабынан берилген колду текшерүү ачкычынын сертификаты;
11) квалификацияланган электрондук колтамга (мындан ары – КЭК) – кол тамганын ачкычты пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында алынган, электрондук документке кол койгон адамды так аныктоого, электрондук документке кол койгондон кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүү фактыларын табууга мүмкүндүк берген электрондук колтамга, ал электрондук документке кол коюучу адам өзүнүн контролдугу астында сактай ала турган электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлөт;
12) электрондук документ – электрондук формада берилген, башкача айтканда адам электрондук эсептөөчү машинаны колдонуу менен кабыл алууга жарактуу, ошондой эле маалыматтык-теле коммуникациялык тармактар боюнча өткөрүп берүү же маалыматтык системаларда иштеп чыгуу үчүн документтештирилген маалымат.
2. Электрондук документтерге жана электрондук документтер менен иштөөгө карата талаптар
3. Электрондук документти тышкы формада берүү электрондук документти дисплейдин экранында, кагазда же машиналык алып жүрүүчүдөн ажыратылган, адамдын кабыл алуусу үчүн түшүнүктүү болгон түрдө (кошумча техникалык каражаттарсыз) жана формада машиналык сактагычтан ажыратылган визуалдык көрүү үчүн жеткиликтүү болгон башка материалдык объектте берүү болуп эсептелет.
4. Электрондук документтин түп нускасы машиналык алып жүрүүчүдө гана болот. КЭК коюлган, электрондук алып жүрүүчүдө белгиленген жана бири бирине окшош болгон электрондук документтин бардык нускалары түп нуска болуп эсептелет жана бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
5. Эгерде мазмуну боюнча окшош документ кагазда жана электрондук документ түрүндө бир жак тарабынан түзүлсө, эки документ тең өз алдынча документ болуп таанылат.
6. Кагазга түшүрүлгөн электрондук документтерде тиешелүү электрондук документтин көчүрмөсү болуп саналары көрсөтүлүшү керек жана кагаздагы документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү үчүн “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлөт.
7. Нотариус тарабынан электрондук документтер кабыл алынат, түзүлөт жана колдонулат:
1) алгач аларды кагаз жүзүндө документтештирбестен, КЭК менен кол коюлбаган электрондук түрдө түзүлгөн;
2) кагаздагы документтерди сканерлөөнүн натыйжасында алынган, КЭК менен күбөлөндүрүлгөн.
8. Нотариуска нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн берилген электрондук документтердин юридикалык күчү КЭК менен ырасталат.
9. КЭК менен кол коюлбаган, электрондук документ түрүндө түшкөн жарандардын жана уюмдардын кайрылуулары басып чыгарылат жана алар менен иштөө “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт.
10. Квалификациялык сертификат менен электрондук документтерди алууда нотариус квалификациялык сертификаттын аныктыгын текшерет. Анын жардамы менен электрондук документтерге кол коюлган КЭКтин аныктыгын текшерүү электрондук кол тамга берүүчү борбор тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Нотариустан чыккан электрондук документтерге нотариустун квалификациялык сертификаты менен кол коюлууга тийиш.
12. Нотариус кирген кат-кабарларды жана чыккан кат-кабарларды каттоо электрондук журналын жүргүзөт.