НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-июну № 1
Кочкор-Ата шаарына көп кабаттуу жана көп батирлүү турак жай долбоорлонуп жатканына байланыштуу Ош-Бишкек автомобиль жолундагы борбордук канализациясына чейинки аралыктагы Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ачык акционердик коому тарабынан 2023-жылдын 29-майында чыгыш ПА-657 сандуу кайрылуусунда. Мамлекеттик ипотейкалык компания Кочкор-Ата шаарына көп кабаттуу жана көп батирлүү турак жай долбоорлонуп жатканына байланыштуу Ош-Бишкек автомобиль жолундагы борбордук канализациясына чейинки аралыктагы Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкелерине канализация жаткырылуучу жаңы түтүктү орнотуу максатында Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ачык акционердик коому тарабынан 2023-жылдын 29-майында чыгыш ПА-657 сандуу кайрылуу каты канатандырылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн кеңештин жоопту катчысы Ж.Инаятовго жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылшынын көзөмөлдөө жагы Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровго тапшырылсын.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Акматалиев |