Редакцияот 11.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Курама айылдык кеңештин  депутаттарынын 9-чакырылышынын  кезексиз  ХХ сессиясынын

 

2023- жылдын 11-декабры  № 40

Курама айыл аймагынын аймагындагы таза суу менен камсыздоо кызматтарынын тарифтик ставкасын өзгөртүү жөнүндө

Курама-Суу муниципалдык ишканасынын мүдүрү Ч.Ж.Аилчиевдин курулуш материалдарынын жана түтүктөрдүн, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык башка түрлөрүнүн баасынын кескин жогорулашынан улам, суу менен камсыздоо кызматын көрсөтүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу суу менен камсыздоо кызматына тарифтик ставканы өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана  талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алуу менен,  Курама айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.             Курама айыл аймагында 2024-жылдын 1-январынан тартып суу менен камсыздоо кызматына тарифтик ставка суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүнө ылайык 50 сом/м3 өлчөмүндө белгиленсин.

2.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Узакбаев Н.М. тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Мамбеталиев Р.Р.