НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-июну № 5
Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылына Ас-сафа коому тарабынан таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровдун 16,05,2023-жыл №01-7\152 сандуу кайрылуусунун негизинде, Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы токтом кылат:
1. Долбоор артыкчылыктуу долбоор деп табылсын.
2. Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылына Ас-сафа коому тарабынан таза суу менен камсыз кылуу үчүн, Ноокен айыл өкмөтүнүн долбооруна өздүк салымдын 10% жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берилсин.
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Ж. Инаятовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровго милдетендирилсин.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Акматалиев |