Редакцияот 21.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-июну № 6

Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы №40 контурдан 0,67 га жер аянтын мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен  мунципалдык менчике өткөрүү жана трансформациядан чыгаруу жөнүндө

Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы №40 контурдан 0,67 га жер аянтын мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен  мунципалдык менчике өткөрүү жана трансформациядан чыгарууга  16.05.2023-жыл №01-7/151 сандуу жазган кайрылуу катын карап. Ноокен айылдык кеңешинин эл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Ноокен  айылдык  кеңешинин  ХХVIII чакырылышынын  кезектеги XV  сессиясы токтом кылат:

 

1.    Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы №40 контурдан 0,67 га жер аянтын мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен  мунципалдык менчике өткөрүү жана трансформациядан чыгарууга  16.05.2023-жыл №01-7/151  сандуу жазган кайрылуусу, Ноокен  айылдык  Кеңешинин  ХХVIII чакырылышынын  кезектеги XIV  сессиясы кабыл алган 28,03,2023-жыл №7 сандуу токтом өз күчүндө калтырылсын.

2.    Кабыл алынган токтомду Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн кеңештин жоопту катчысы Ж.Инаятовго жөнөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылшынын көзөмөлдөө Ноокен айыл өкмөтүнүн орун басары Н.Ажыкуловка  тапшырылсын.

Ноокен айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Акматалиев