КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9 чакырылышынын кезексиз ХХ сессиясынын
2023- жылдын 11-декабры № 36
Курама айыл аймагында таштанды чогултуу үчүн ставкасын өзгөртүү жөнүндө
Курама айыл аймагындагы Курама айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Д.Б. Сарыгуловдун, таштанды чыгаруу үчүн жыйноо нормасын өзгөртүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин № 73, 74,75,76-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алуу менен, Курама айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл аймагында 2024-жылдын 1-январынан тартып таштанды чыгаруунун тарифин жаш курагына карабастан жеке жактар үчүн жылына бир адамга 50 сомдон, жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар кызматкерлердин санына жараша жылына 100 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Мамбеталиев Р.Р. |