Редакцияот 21.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-июну № 11

Момбеков айыл өкмөтүнүн тургуну А.Иманалиев арыз менен кайрылган сүт иштетүүчү жана кирпич чыгаруучу завод куруу жөнүндө  

Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровдун 19,05,2023-жылы  жазган кайрылуусунун негизинде, Ноокен айылдык кеңешинин  ХХVIII чакырылышынын  кезектеги   XV сессиясы токтом кылат:

 

1.    Момбеков айыл өкмөтүнүн тургуну А.Иманалиев арыз менен кайрылган сүт иштетүүчү жана кирпич чыгаруучу завод куруу үчүн сураган жер тилкеси калктуу конушка  трансформациядан чыгарууга дайардалып жаткандыгына байланыштуу А.Иманалиевтин  арыз кайрылуусу канатандырылбайт.

2.   Бул  токтомду   Кыргыз   Республикасынын   Юстиция   министрлигине мамлекеттик    реестрге   киргизүү   жагы   айылдык   Кеңештин   жооптуу катчысы   Ж. Инаятовко   милдеттендирилсин.

3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айыл өкмөтүнүн  башчысы Б. Календеровго  милдетендирилсин.

Ноокен айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Акматалиев