Редакцияот 21.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-июну № 13

    Ноокен айыл өкмөтүнүн Ак-Жийде айылындагы трансформациядан чыкан №201 контурдан 2,30 га жер аянтын турак жай салуу үчүн ар бир жанга 7 сотых  жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы №201 контурдан 2,30 га жер аянтын турак жай салуу үчүн ар бир жаранга 7 сотых  жер аянтын бөлүп берүү үчүн 19.06.2023-жыл №01-7/208 сандуу жазган кайрылуу катын карап. Ноокен айылдык кеңешинин эл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Ноокен  айылдык  кеңешинин  ХХVIII чакырылышынын  кезектеги XV  сессиясы токтом кылат:

 

1.    Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы №201 контурдан 2,30 га жер аянтын турак жай салуу үчүн ар бир жаранга 7 сотыхтен  жер аянтын бөлүп берилсин.

2.    Кабыл алынган токтомду Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн кеңештин жоопту катчысы Ж.Инаятовго жөнөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылшынын көзөмөлдөө Ноокен айыл өкмөтүнүн орун басары Н.Ажыкуловка  тапшырылсын.

Ноокен айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Акматалиев