Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

 

2023-жылдын 29-декабры № 43

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн кеңсесине кошумча имарат куруу учун 2024-жылга жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кара-Булак айыл өкмөт башчысынын орун басары Икрамидин уулу Абдырасулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн кеңсесине, дем берүүчү гранттын эсебинен курулуучу, кошумча админстративдик имаратка 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

  

 

Төрага:

К. Ж.Шакиров