КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-январы № 19/1
Кум-Дөбө айыл аймагындагы транформацияга сунушталган 169,97 га жер аянтын карап, контурлар менен жайгаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктунун б-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун” 7-пунктунун 2-абзацын жеткечиликке алып, Кочкор райондук мамлекеттик архивинде сактоодо турган Кочкор райондук кенишинин 2008-жылдын архивдик фондундагы Кум-Дөбө айылдык кенешинин 11.04.2008-жылдагы “Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кум-Дөбө, Ак-Жар, Шамшы, Бугучу айылдарында там салууга бөлүнүп кеткен жана келечекте бөлүнө турган жерлерди КБФнан чыгаруу жөнүндө” №19/3 токтомуна толуктоолорду киргизүү максатында, Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагындагы транформацияга сунушталган 169,97 га жер аянтын карап, контурлар менен жайгаштырууну талкуулап Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын Кум-Дөбө айылы боюнча;
-“Рыспек” участогу контур №1347 -3га, №1354 - 31,4га короо жай алдындагы жер, контур №1343, 1392, -29,6га сугат айдоо жер-
-“Жээк” участогу контур №1759 -16,2га, №1776 -3,5га сугат айдоо жер, контур №1771 – 0,30га жайыт жер.
-”Ак-Там” участогу контур №1132- 2га сугут айдоо жер
-”Таш сарай” участогу контур №1630-1га, №1629-1,37га жайыт жер.
-“Тегирмен” участогу контур №1393- 6,2га сугат айдоо жери
контур №1398-1,8га жайыт жер.
-“Курулуш гараж участогу” №1384-2,8га сугат айдоо жери
- Контурлар: № 1398,1383,1375,1376-5,2га жайыт жер
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын Ак-Жар айылы боюнча;
-“Чолпонкул” участогу контур №1863 – 16га сугат айдоо жер.
-“Сакебай” участогу контур №1302-10га жайыт жери
-”Мектеп” участогу контур № 1836-1,60га курулуш алдындагы жер
3. Кум-Дөбө айыл аймагынын Шамшы айылы боюнча;
-“Мектеп” участогу контур №699 – 5,90га сугат айдоо жер,
-“Кырман” участогу контур №758,760 – 14,60га сугат айдоо жер,
-”Билал” участогу контур №1005 – 9,70га сугат айдоо жер.
-“Кырман” участогу контур №763-1,80га курулуш алдындагы жер.
4. Жалпы Кум-Дөбө аймагы боюнча 169,97 га жер аянты жер мунапысынын объектилерине туура келгендигинин натыйжасында “Калктуу конуштун жерлерине” которулсун жана айыл чарба жерлеринен чыгышталсын. 1993-жылдан бери жер участок алып, мыйзамдаштыра албай жаткан жарандардын укугун бекитип берүү жагы жер мунапысын жүзөөгө ашырып жаткан райондук комиссиядан суралсын.
Төрага М.Чолпонкулов