ТОРУ-АЙГЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр айыл кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 24-мартындагы № 9
Жердин багытын которуу жөнүндө
Инвестиция тартуу, жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылуу максатында, күндүн нурунан электр энергиясын алуучу электростанция куруу үчүн жердин багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы У.К.Керимбаевдин сунушун угуп, талкуулагандан кийин Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тору-Айгыр айылынын күн чыгыш тарабынан 450,0га жайыт жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. 2.Аталган жердин категориясы которулгандан кийин, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
3. 3.Жердин багытын которууга тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы У.К.Керимбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Э.Д. Эмилбекова |