КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 2-февпалы № 20/2
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүнө караштуу “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын таза суу, сугат суу үлүш жер боюнча тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүнө караштуу “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөмбековтун билдирүүсүн карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын калкка жана үлүш жерлерге, таза суу, сугат суу менен камсыз кылуудагы 2023-жылга карата алынуучу акы тарифи бекитилсин.
1. Таза суу үчүн ар бир түтүн башынан ай сайын 100 (жүз) сомдон алынсын.
2. Огороддорду сугарууга сотых үчүн 12 (он эки) сомдон алынсын.
3. Үлүш жерлер үчүн сугат сууга сотых үчүн 3,50(үч сом элүү) тыйын дан алынсын.
4. Таштанды чыгарууга ар тир түтүн башынан ай сайын 50 (элүү) сомдон алынсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |