Редакцияот 13.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 13-февралы № 21/2

Кум-Дөбө айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин жөнүндө

          Тиричилик калдыктарын чогултуу, ташуу, утилдештирүү, кайра иштетүү жана көмүү

боюнча натыйжалуу системаны түзүү, калктын ден-соолугун жана айлана-чөйрөгө алардын зыяндуу таасирин алдына алуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябры ПЖ №305 жарлыгын жетекчилике алып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу  органдары  жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде,Кум-Дөбө  айылдык кеңеши токтом  кылат:

1. Кум-Дөбө айыл аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты  сактоо боюнча  эрежелер иштелип чыксын.

 2.Кум-Дөбө айыл аймагында 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик   калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча  иш планы иштелип чыксын

3. Кум-Дөбө айыл өкмөтү ушул эрежелерде белгиленген кѳрктѳндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликти айыл өкмөт башчысы А.Белеков өз милдетине алсын.

Төрага

М.Чолпонкулов