Редакцияот 13.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 13-февралы № 21/3

Кум-Дөбө айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө

 

         Жергиликтүү жамааттардын ишмердүүлүгүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 12-декабрь 2022-жылдын №279 буйругун  жетекчилике алып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндөгү»  мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде,Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Жумагулованын Кум-Дөбө айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө маалыматын  угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

 

  1. Кум-Дөбө айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы бекитилип кабыл алынсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана өз жоопкерчилигиме калтырылсын.

Төрага

М.Чолпонкулов