Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 26-чакырылган кезектеги XXΙV (жыйырма төртүнчү) сессиясы
2016-жылдын 11-февралы № 150/XXIV-26
Горная-Серафимовка айылынын элдеринин айылдын аталышын которуу жөнүндөгү кайрылуусун кароо
Горная-Серафимовка айылынын элдеринин айылдын аталышын жана Менжинск көчөсүн которуу жөнүндөгү 151 киши кол койгон кайрылуусу боюнча айылдык Кенештин социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы билдирет: Горная-Серафимовка айылынын жашоочуларынын кайрылып жаткан себеби айылдын аталышы мурдагы колхоздоштуруу убагында “Горная-Серафимовка” деп аталып калган, айылдын аталышын өзгөртүп, кыргыз элинин келечеги үчүн кам көргөн, тарыхта жазылып, жалпы Солто уруусун башкарган, 18-чи кылымдагы кыргыздардын көрүнүктүү саясатчыларынын бири Кебек бий азыркы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Горная-Серафимовка, Алмалуу айылдарынын түштүк жагындагы Узун-Кыр жайлоосунда болжол менен 1810-жылдары күз мезгилинде жарык дүйнөгө келген.
Кебек бий калыс, сөзгө кыраакы саясатчы болгон. Кыргыздар Чүй бооруна кайтып кайрадан отурукташа баштаган мезгилде жалпы Солто элин Кебек бий башкарып турган, бул маалымат солтонун талкан уруусунан чыккан белгилүү санжырасында айтылып, далилденип турат. Кебек бий 1850-жылы кыргыз бийлеринин курултайын уюштуруучуларынын бири болгон.
Кыргыз урууларынын калмактан бошой баштаганда мурдагы конуштарына көчүрүп келип отурукташып, Чүй, Талас өрөөндөрүн кыргыздар ээлеп калышына жигердүү салым кошкон. 18-кылымдагы кыргыздардын көрүнүктүү саясатчысы кыргыз, казак мамилелерин калыптандырып турган таасирдүү бийлердин бири болгон жана жалпы кыргыздардын башын бириктирүүгө чоң салым кошкон.
Кыргыздын атактуу санжырачысы Белек Солтоноевдун “Кызыл кыргыз тарыхы” (1928-ж. 1-том.173-бет) китебинде “Кебек-Бий” бүткүл кыргыз элине бий болгону тууралуу жазылып, тастыкталып турат.
Биздин ушул кайрылуубузга туура жыйынтык чыгарып, биздин кайрылуубузду колдоп Горная-Серафимовка айылынын аталышын “Кебек-Бий” айылы деп чечим чыгарып берет деген ишеничтебиз.
Горная-Серафимовка айылынын элдеринин айылдын аталышын которуу боюнча коллективдүү арызын, айылдык Кенештин социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаев быйылкы 2016-жылы “Тарыхтын жана маданияттын жылы” деп белгилегендигин эске алуу менен Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кабыл алат:
1. Горная-Серафимовка айылын “Кебек бий” айылы деп которууга макулдук берилсин.
2. Айылдын аталышын которууга кеткен чыгымдары “Кебек бийдин” урпактарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын айылдык Кенештин социадык иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Алыбаев А.Ж. жана Горная-Серафимовка айылынын айыл башчысы Аманкулов Ч.К. көзөмөлгө алсын.
Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасы |
М. Андашов |