МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-январы № 3
Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Мин-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен 1356513,93 миң сом акча каражатынын калгандыгы эске алынсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен калган 1356513,93 миң сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына | 130250 сом бөлүнсүн. |
Анын ичинен:
-айылдык кеңештин төрагасына өткөн сессиялары үчүн компенсация | -20000 сом |
-Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине | -85500 сом |
-Социалдык фондго чегерүүгө | -14750 сом |
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнө | 22900 сом бөлүнсүн |
Анын ичинен:
-Айыл аймагына караштуу маданият кызматкерлерине | -19500 сом |
-Социалдык фондго чегерүүгө | -3400 сом |
Айыл өкмөтүнө караштуу ТЖК бөлүмүнө | 741750 сом бөлүнсүн |
Анын ичинен :
-Электрик бир адам айына 12000 сомдон бир жылга-144000 сом; | |
-Айылдагы таштандыларды чыгаруу үчүн бир адам айына 12000 сом бир жылга 144000 сом; | |
-Архив ишин алып баргандыгы үчүн бир адам бир айга 4000 сом 3 айга 12000 сом. | |
Жалпысы эмгек акыга | 300000 сом. |
Социалдык фондго чегерүугө | 51750 сом |
-Айыл аймагына балдар ойноо үчүн оюн аянтчасын алууга | -270000 сом |
-Кум-шагыл төгүү үчүн | 130000 сом |
3. Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын окуу корпусуна жалюзи алып берүү үчүн-446613,93 сом
4. Миң-Булак айыл аймагындагы маданият үйүнө кино коюу үчүн керектелүүчү материалдарды алууга-15000 сом
5. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бакай-Ата финансы башкармалыгына сунуш кылынсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин бюджеттик комиссиясына жүктолсүн.
Төрага |
| Т.Койчубаев |