Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 12-январы № 4

 

Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө

 

Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Мин-Булак айылдык аймактык  кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен 200793,7 тыйын акча каражатынын калгандыгы эске алынсын.

2.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен калган 200793,7 тыйын акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.

-Айыл өкмөтүнө караштуу ТЖК бөлүмүнө труба сатып алуу үчүн -93817,54 сом акча каражаты 2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды алуу үчүн);

-Ж.Ормотоев атындагы “Баластан” балдар бакчасына 2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды алуу үчүн) 106976,16 сом .

3.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бакай-Ата финансы башкармалыгына сунуш кылынсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Т.Койчубаев