Редакцияот 13.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

 Эңилчек айыл аймагынын айылдык кенешинин XVIII чакырылышы

2022-жылдын   13-мартындагы   № 6

“ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек араларын бекитүү” жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, берилген иш-кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эӊилчек айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»  аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТОС) эсептик каттоого алынсын.

2.              Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эӊилчек айылдык аймагынын ТОС “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек аралары Эӊилчек айылдык аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.

3.               Эӊилчек айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу адиси тарабынан жүргүзүлгөн ТОС органдарын каттоо журналына киргизилсин.    Бул Токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.

4.                Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А. Усубакуновго жана “Бюджет жана финансы маселелерин карай турган ” туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Б. Ногоевге жүктөлсүн.

Төрага:

У.С. Сталбеков