ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясы
2023-жылдын 29-майы № 21/2
Өзгөн шаарындагы Сельская көчөсүнүн наамын өзгөртүп Бейше Жапаровдун наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 26-майындагы отурумунун №7 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы Кайрагач жана Үч-Дөбө МАБнын аймагындагы Сельская көчөсүнүн наамы өзгөртүлүп, ал көчөгө маркум Бейше Жапаровдун наамы ыйгарылсын.
2. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жана көчөнүн атын өзгөртүүгө кетүүчү каражаттарды мыйзам чегинде чыгымдоо жагы Өзгөн шаардык мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармасынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын милдетин аткаруучу И.Дадажанов