Редакцияот 29.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясы

 

2023-жылдын 29-майы № 21/3

Өзгөн шаарынын башкы планына (генпланына) өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 26-майындагы отурумунун №4 протоколунун, Өзгөн шаардык мэриясынын 2023-жылдын 26-майындагы № 01-9/496 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Өзгөн шаарынын Жаңы-Хаят МАБнын аймагында жайгашкан 9 га жер тилкесине даярдалган шифр №29/08 сандуу башкы планга мейманкана, спорттук комплекс, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы №460-т тескемесине ылайык, турак үйлөр үчүн 0,8 га жер тилкесине жана илим изилдөө окуу борбору үчүн 1,5 га жер тилкелерине долбоор жүргүзүүгө башкы планга өзгөртүү (Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын даярдаган схемасына ылайык) киргизүүгө макулдук берилсин.

2.     КНИИП шаар куруу  институтунун Оштогу филиалына башкы планга өзгөртүү киргизүү суралсын.

3.     Аталган жер тилкелери боюнча тиешелүү иш-чараларды мыйзамга ылайык КНИИП шаар куруу институту менен биргеликте иш алып барууну жүргүзүү Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММ департаментине  милдеттендирилсин.

 

 4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу И.Дадажанов