Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясы

2023-жылдын 27-июлу № 22/3

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 22-июнундагы Жер мунапысынын обөектилеринин укуктарын бекитүү жөнүндөгү№ 01-13/60 токтомун жактыруу жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» № 291 токтому менен бекитилген жобого ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча»жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 12-июлундагы биргелешкен отурумунун №4 протоколунун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 22-июнундагы Жер мунапысынын обөектилеринин укуктарын бекитүү жөнүндөгү № 01-13/60 токтому жактырылсын.

 

2.   Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдо белгиленген жерлерди Өзгөн шаарынын балансына өткөрүү жагы Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнөн суралсын. 

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча»туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 Төрага                              А. Хасанов