Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясы

2023-жылдын 27-июлу № 22/4

Өзгөн шаарынын айрым көчөлөрүнүн наамдарын өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобого ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча», «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 12-июлундагы биргелешкен отурумунун №4 протоколунун, «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 24-июлундагы отурумунун №9 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Өзгөн шаарынын Высоцский көчөсүнүн наамын өзгөртүп Таджихан Каримованын наамы, Жаңы-Өзгөн МАБнын аймагындагы Өзгөн-Зергер багыты боюнча аты жок көчөгө Марип Султановдун наамы, Жаңы-Өзгөн №1 көчөсүнө Канат Калбердиевдин наамы, Карбышев көчөсүнүн атын өзгөрүп Марс Каримахуновдун наамы, 70-жылдык Кыргызстан көчөсүнүн наамын өзгөртүп Камыт Сатыбалдиевдин наамы, 70-жылдык Кыргызстан көчөсүнүн оң жагындагы аты жок көчөгө Карим Отунчуевдин наамы, Лесная көчөсүнүн наамын өзгөртүп Калмат Касымовдун, Ворошилов көчөсүнүн наамын өзгөртүп Токсанбоев Хурмаматтыннаамы ыйгарылсын.

 

2. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармасынын башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча»туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                              А. Хасанов