ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 27-июлу № 22/8
Өзгөн шаарында таза сууга болгон тарифти өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, Өзгөн шаардык мэриясынын 2023-жылдын 20-июлундагы таза сууга болгон төлөмдөрдү көтөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү№01-9/733 катынын,«Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 21-июлундагы отурумунун №5 протоколунун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калк пайдаланып жаткан ичүүчү суунун 1 м3 баасы 22 сом, суу өлчөгүчү жокторго айына 1 кишиге 48 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Аз камсыз болгон, I-группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген жараандары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Чернобыль жана Афганчылары бар үй-бүлөлөрү пайдаланып жаткан ичүүчү суунун 1 м3баасы 15,3 сом, суу өлчөгүчү жокторго айына 1 кишиге 37 сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Тариф саясатынын өзгөргөндүгү боюнча элге так маалыматтарды жеткирүү жана бекитилген тарифти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашкандан кийин, 2023-жылдын 1-сентябрынан колдонуу Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын директору А.Дүйшеевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Хасанов