ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 27-июлу № 22/9
Көп кабаттуу үйлөрдүн саркынды сууларын ташып чыгаруу тарифи
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 21-июлундагы отурумунун №5 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында саркынды сууларды ташып чыгаруу тарифи көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн 1 кишиге айына 198,5 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Тариф саясатынын өзгөргөндүгү боюнча элге так маалыматтарды жеткирүү жана бекитилген тарифти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашкандан кийин колдонуу Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын директору А.Дүйшеевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Хасанов