ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
2023-жылдын 19-сентябры № 23/1
Өзгөн шаар мэринин 2023-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери
жөнүндөгү отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча»туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 13-сентябрындагы №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаар мэринин 2023-жылдын 6айы ичинде жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде иш-чара иштеп чыгуу Өзгөн шаардык мэриясынын аппаратына тапшырылсын жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңештин сессиясында отчет берүү Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет,салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча»туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов