Редакцияот 25.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ

 

Чельпек айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XVI- сессиясы

 

2022-жылдын 25-мартындагы № 16

 

       Чельпек айылдык Кеңешинин  XXVIII-чакырылышынын кезексиз     XVI- сессиясынын протоколунун негизинде “Кыргыз Республикасында үй- бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым- жырымдарын иретке келтирүү чаралары жонүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24- февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык токтом кылат:

 

1.Чельпек айыл аймагында үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду

   эскерүү ырым- жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо

   бекитилсин. 

 

2. Үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарын

   өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссия түзүлсүн.

     

3. Токтомдун аткаруу жагы  айыл өкмөт башчысы С. Б. Кадаевка

    милдеттендирилсин.

 

4. Токтомду көзөмөлгө алуу   жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага

 Б.Омуркулов