ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
2023-жылдын 19-сентябры № 23/4
Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы
МММБ департаментинин жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылга карата бекитилген иш-планын аткарууга алып, «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МММБ департаментинин жүргүзүп жаткан иштери эске алынсын.
2. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго:
- текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2023-жылдын 31-декабрына чейин шаардык кеңешке маалымат берүү;
-Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин жобосун Мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кайрадан карап чыгуу;
-Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин шаардын мүлкүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде эсепке алынбаган обөектилерди аныктоо аркылуу муниципалдык менчиктин реестрин тактоо, карыздарды өндүрүү боюнча ишти күчөтүү;
-муниципалдык менчиктеги мүлктөрдүн абалын дайыма көзөмөлдөө;
- муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү эсептен чыгарууну мыйзам чегинде жүргүзүү;
-тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу иштерин көзөмөлдөө;
-Өзгөн шаар аймагындагы мыйзамсыз соодаларды тартипке салуу;
-Өзгөн шаарынын архитектуралык көрүнүшүн оңдоо максатында Өзгөн шаарынын Манас, Гагарин, Х.Мирзарахимов көчөлөрүнө заманбап түнкү жарыктарды орнотуу үчүн сметаларын даярдап Өзгөн шаардык мэриясына сунуштоо милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов