ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXV сессиясы
2023-жылдын 26-октябры № 25/2
Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн МАБтын аймагындагы Уйгур көчөсүндөгү №3 үйдүмуниципалдык жеке өнөктөштүк ыкмасындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2023-жылдын 19-сентябрындагы №01-9/944 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча»туруктуу комиссиясынын2023-жылдын 23-октябрындагы №2 протоколунун негизиндекүн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн МАБтын аймагындагы Уйгур көчөсүндөгү №3 үйдүн тургуну Б.Жантаеванын турак үйүн муниципалдык-жеке өнөктөштүк ыкмасындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Балдар бакчасына тийиштүү документтерди мыйзамга ылайык даярдоо Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Джусуповго милдеттендирилсин.
3. Муниципалдык жеке өнөктөштүк ыкмасындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинмыйзам чегинде каржылоо Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин, бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча»туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов