ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXV сессиясы
2023-жылдын 26-октябры № 25/3
Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетине
тактоо киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 23-октябрындагы биргелешкен отурумунун №8 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын жыйынтыгы менен Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнө 1-тиркемеге ылайык (атайын каражаттарды кошкондо) 15141,0 миң сомго тактоо киргизүүгө макулдук берилсин. Анын ичинен 2023-жылдын 2-жарым жылында бюджеттик каражаттар планына 11541,0 миң сом, атайын каражаттар планына 2700,0 миң сом кошулганы жана 2023-жылдын 1-жарым жылында бюджеттик каражаттар планына 2100,0 миң сом кошулганы, атайын каражаттар планынан 1200,0 миң сом кыскарганы эске алынсын.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 2-жарым жылында киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылышынын эсебинен Өзгөн шаарынын бюджеттик мекемелеринин 2023-жылга карата сметасына жана 2023-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине сунушталган кошумча иштерге 2-тиркемеге ылайык 11541,0 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки мекемелеринин керектөөлөрүнө атайын каражаттардын эсебинен 2700,0 мин сом каржылоого макулдук берилсин.
3. Өзгөн шаарында 2023-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен 3-тиркемеге ылайык 11726,6 миң сом кыскартып, 4-тиркемеге ылайык сунушталган иштерге жылдырууга макулдук берилсин. 4-тиркемедеги 3000,0 миң сом МММБ департаментине жана 5000,0 миң сом Таза-Суу муниципалдык ишканасына таза суу проекти боюнча кредит төлөөгө каралсын.
4. Максаттуу трансферт катары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча такталган 20,7 миң сом каражатты Өзгөн шаардык мэриясынын имаратынын жылытуу системасынан болгон карызына төлөөгө макулдук берилсин.
5. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.
6. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов
1-тиркеме
Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы кезектеги XXV сессиясынын №25/3 токтому менен бекитилди
Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин такталган планы
№ | Кирешелер | Бекитилген план, миң сом | Такталган план, миң сом | Айырмасы, миң сом |
1 | Кирешебулактарынанкармалганкирешесалыгы | 81412,0 |
90953,0 |
9541,0 |
2 | Патентнегизиндегисалык | 35165,0 |
37165,5 |
2000,0 |
3 | Турак-жайэмес мүлккө салык | 1 307,3 |
1807,3 |
500,0 |
4 | Транспорт каражаттарынынээлериненалынуучусалык | 4 130,0 |
4130,0 |
- |
5 | Тамаркажанадачалыкжеручасткаларынпайдалангандыгы үчүнжерсалыгы | 2 310,0 |
2310,0 |
- |
6 | Айылчарбасынажарактуужерлердипайдалангандыгы үчүнжерсалыгы | - |
- |
- |
7 | Айылчарбасынажараксызжерлердипайдалангандыгы үчүнжерсалыгы | 3 285,5 |
4885,5 |
1600,0 |
8 | Жерастыбайлыктарынпайдалануугаалынганлицензияныкармаптурганы үчүн жыйым | 41,0 |
41,0 |
- |
9 | Жер үчүн ижараакы | 2 519,4 |
2519,4 |
- |
10 | Автотранспорттупарковкалоо үчүнжыйым | 485,0 |
485,0 |
- |
11 | Атайынкаражаттарсалыгынкошпогондокызматкөрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 9 059,0 |
10559,0 |
1500,0 |
| КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 139714,2 | 154925,8 | 15141,0 |
2-тиркеме
Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын
26- октябрындагы кезектеги XXVсессиясынын
№25/3 токтому менен бекитилди
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 2-жарым жылында ашыкча аткарылышынын эсебинен бюджеттик мекемелердин сметасына бөлүнгөн кошумча каражаттар
№ |
Аталышы | Керектелүүчү сумма (миң сом) | эскертүү | |
| “Жашылдандыруу чарбасы” МИ |
| ||
1 | Эмгек акы: 210,0 миң сом; Соц.фонд: 36,2 миң сом; Тетиктерди сатып алууга: 100,0 миң сом; Сапар чыгымдары: 9,2 миң сом; | 355,5 |
| |
2 | “Өзгөн тазалык” МИсы түзгөн келишиминин негизинде аткарган иштери үчүн | 730,0 |
| |
|
| 1085,5 |
| |
| “Капиталдык курулуштар башкармалыгы” МИ |
| ||
1 | Ай Шооласы балдар бакчасынын отканасын, теплотрассасын жана канализациясын оңдоого | 558,1 |
| |
2 | Кош-Коргон көчөсүнүн 120 метр жерине БЛ-6 лотогунан 20 даана, калган каражатка Достук көчөсүнө БЛ 3 лоток | 600,0 |
| |
3 | Калма-Кия жана Таштак МАБнын аймагына щебень сатып алууга | 100,0 |
| |
4 | А.Мамажанов, А.Кахар, Жалалабат көчөсүн асфальттоого | 3294,2 |
| |
5 | Ала-Тоо көчөсүнө лоток | 500,0 |
| |
6 | Бетон мамыча | 100,0 |
| |
7 | С.Рахимов көчөсүнө лоток | 500,0 |
| |
8 | А.Навои мектебине окуучулар үчүн ажаткана куруу, комфортка сатып алуу | 500,0 |
| |
9 | Ч.Айтматов мектебине генератор жана звонок сатып алуу үчүн | 76,0 |
| |
| Жыйынтыгы | 6228,3 |
| |
| МММБ департаменти |
|
| |
1 | Жаңы Өзгөн аймагынын Уйгур көчөсүнүн №3 үйдү 50 балага ылайыкташкан балдар бакча катары иштетүүгө керектелүүчү инвентарь менен камсыз кылуу | 589,6 |
| |
2 | Жаңы конуштарга түнкү жарык коюу, эскилиги жеткен түнкү жарыткычтарды алмашуу. Ошондой эле светофорлорду оңдоо жана эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо. | 300,0 | Жалпысынан суралган каражаттын көлөмү 600,0 миң сомду түзөт, бирок, мүмкүнчүлүккө жараша 50% берилип жатат | |
3 | Ленин көчөсүнүн Янги-Хаят МАБнын аймагына, Кош-Коргон жана Достук көчөлөрүнө түнкү жарык үчүн темир мамыча | 500,0 |
| |
4 | Квартал башчыларына кеңсе буюмдарын сатып алууга | 91,0 |
| |
5 | Борбордук аянтка чоң желек сатып алуу | 100,0 |
| |
6 | Музыкалык аппаратураларды сатып алууга жана “1С Бухгалтерия” программасын сатып алууга (Маданият үйүнүн кайрылуусунун негизинде) | 68,1 | Жалпысынан суралган каражаттын көлөмү 588,0 миң сомду түзөт, бирок, мүмкүнчүлүккө жараша 12% берилип жатат | |
7 | Жаңы-Өзгөн квартал башчысынын иш бөлмөсүнө инвентарь сатып алууга | 25,5 |
| |
8 | Шаарда кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 4 жерге адамдын бетин таануучу видео камера сатып алуу үчүн | 400,0 | Райондук милиция шаарда 10 жерге орнотууну сунуштаган, долбоордун баасы 1000,0 миң сом | |
9 | №5 “Айжаз-Айназ” балдар бакчасына чарба буюмдарын алууга | 200,0 |
| |
| Жыйынтыгы | 2274,2 |
| |
| Өзгөн шаардык мэриясы |
|
| |
1 | Мэриянын имаратынын жылытуу системасынан болгон карызы (2023-жылга жылытуу системасынын тарифтери көтөрүлгөндүгүнөн айырмасы) | 240,0 |
|
|
2 | Өзгөн шаардык кеңешинин ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында жыл башынан бери бир канча жолу окуулар уюштурулууда. Бирок сапар чыгымдарына акча каражат жетишсиз болгондуктан кошумча акча каражатын берүүгө | 90,0 |
| |
3 | Өзгөн шаардык кеңешине 2 комплект компьютер | 130,0 |
| |
| Жыйынтыгы | 460,0 |
| |
| Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмү |
|
| |
1 | Өзгөн Тазалык МИнан карызы:770,0 миң сом; Өзгөн Таза-Суу МИнан карызы:473,0 миң сом; | 1243,0 |
| |
2 | Ленин, Ч.Айтматов, А.Темур, Гимназия жана Курманжан датка орто мектептерин ун менен камсыздоого | 250,0 |
| |
| Жыйынтыгы | 1493,0 |
| |
| Жалпысы | 11541,0 |
| |