ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2023-жылдын 22-декабры № 1
Шарк айылдык аймагынын Имам-Ата айылын Ош шаарынын административдик бирдигинин курамына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук Программасын ишке ашыруу максатында, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын сунушунун карап чыгып, сессияда талкуулап Шарк айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Шарк айылдык аймагынын Имам-Ата айылын Ош шаарынын административдик бирдигинин курамына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына муниципалдык менчикти инвентаризациялоо жана андан ары Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү үчүн комиссия түзүү иштери жүктөлсүн;
3. Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы Имам-Ата айылын Ош шаарынын курамына өткөрүп берүүдө айыл өкмөтүнүн башчысы Имам-Ата айылынын депутаттарынын жана тургундарынын суроо-талаптарын жана каалоолорун аткаруу боюнча чараларды көрүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы С. Абзалов