КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
Арал айылдык кеңешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 1
Жайыт жер аянтынан Беккари чуңкурун куруу үчүн
категориясын которуу жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловдун кайрылуусунун негизинде Беккари чуңкурун куруу үчүн №205 чөйрө сызыгындагы 0,02 га жер аянтын трансформациялоо максатында Кең-Арал айылдык кеңешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы токтом кылат:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу №205 чөйрө сызыгындагы 0,02 га жайыт жер аянтын Беккари чуңкурун куруу үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Жер тилкесин трансформациялоо жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын
3.Токтомдун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүнүн башчысы Ч.Алымкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: | Б. Токонов |