Редакцияот 30.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 13-сессиясы

2022-жылдын 30-декбры № 15

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын 5-декабрындагы № 308 сандуу катынын негизинде, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Эрматов Отабек Тулкинжоновичке тиешелүү өндүрүштүк багытындагы 512.4 чарчы метр жер тилкесинин  максаттык багытын, турак-жай багытына өзгөртүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-декабрындагы № 332 сандуу катында, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Эрматов Отабек Тулкинжоновичке тиешелүү өндүрүштүк багытындагы 512.4 чарчы метр жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз жанаКыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 15-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Эрматов Отабек Тулкинжоновичке тиешелүү өндүрүштүк багытындагы 512.4 чарчы метр жер тилкесин, максаттык багытын турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                                      К. Сатторов