Редакцияот 28.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакырылышынын 11 кезектүү сессиясы

 

2022-жылдын 28-декабры № 49

 

Жеке участоктордун өлчөмүн белгилөө жөнүндө

 

Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси М.М.Кашаповдун  жер участоктордун өлчөмүн аныктоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2022-2023-жылдарга жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун өлчөмүн 1500 м2 бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Д.Касымбековго жүктөлсүн.

Төрага:

А.Т. Ибраимов