Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 16-сессиясы

2023-жылдын 6-апрели № 1

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги кезектен сырткаркы № 10-сессиясындагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Темир-Корук айылынын жогорку жагында жайгашкан кайрак, суусуз бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги № 55 контурунда жайгашкан 3.0 га жер аянттын, “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан   өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына көрүстөн максатында пайдалануу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү № 2 Токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 29-мартындагы протоколуна  жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 17-мартындагы № 78 сандуу катына негиз, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму                                                   

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги кезектен сырткаркы № 10-сессиясындагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Темир-Корук айылынын жогорку жагында жайгашкан кайрак, суусуз бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги № 55 контурунда жайгашкан 3.0 га жер аянттын, “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан   өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына көрүстөн максатында пайдалануу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү № 2 Токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Темир-Корук айылынын тургундарынын арызын канаттандыруу максатында,Темир-Корук айылынын жогорку жагында жайгашкан кайрак, суусуз бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги № 99 жана жайыт жер эсебиндеги № 100 контурларында жайгашкан 3.0 га жер аянттын, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан   өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына көрүстөн максатында пайдалануу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук  берилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдогу өзгөртүү жана толуктоолорду аткарууга алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Хайдаралиевке милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,  экология жана жаратылышты  коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                                       К. Сатторов