КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-январы № 2
Социалдык объектилерге бөлүнгөн жер аянтын
трансформациялоо боюнча
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы социалдык объект курууга деп калтырылган айыл чарба багытындагы жайыт жерлерди трансформациялап мектеп жана бала бакча куруу жагын карап, талкуулап Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу №232 чөйрө сызыгындагы 2,0 га айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан, калктуу конуш жер категориясына “мектеп” куруу үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу күн чыгыш тарабындагы № 38 чөйрө сызыгындагы 0,7 га айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан, калктуу конуш жер категориясына “бала бакча” куруу үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.
3. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловгомилдеттендирилсин.
Төрага |
| Б.Токонов |